Коргонуу жана коопсуздук

Чүй облусунда чек араны бузган кыргыз жараны кармалды image

9 Март, 2016 447

Чүй облусунда чек араны бузган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу “Биринчи радиого”  Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн адиси Сажира Чоколоева билдирди. 7-мартта Чүй облусуна караштуу Милянфан айылынын чет жагынан чек араны бузган кыргызжараны кармалган. Анын жанында өздүгүн тактоочу документтери болгон эмес жана ал Казакстандан кыргыз жерине кирген. Тиешелүү документтер толтурулуп, ал УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз