ММК

Атамбаев: “Элим, бүгүн өлкөбүздүн тагдыры сиздердин колуңуздарда” image Фото: gov.kg

10 Окт, 2017 1530

Бүгүн "Кыргыз туусу" “Темир Жумакадыров жарк этип жанган жылдыз эле, анын жарыгы жүрөгүбүздө сакталат” деп белгилеген өлкө башчысынын сөзү менен жарык көрдү. Жигит өлбөс болсочу деген гезиттин бул макаласы Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Темир Жумакадаровду акыркы сапарга узатуу зыйнатынан жазылды. Дагы бир кырсыктан жазылган, тактап айтканда 1-октябрда Балыкчы-Каракол-Ананьева автожолунда, Чолпон-Ата шаарынын кире беришинде түнкү саат 3төр чамасында тез жардам унаасынын кош бойлуу аялды ооруканага жеткирип бара жаткан жеринен жол кырсыгына учурап каза болгон медицина кызматкерлери –фельдшер Марипа Садыбакова менен айдоочусу Кожокмат Адыраакев тууралуу окуяны баяндаган макала “Алар өз өмүрлөрүн эмес, адам өмүрүн сактайлы деп бара жатышкан” деп аталды. 

"Кыргыз Туусунун" бүгүнкү санынан президенттин иш күндөлүгүндөгү орчундуу окуя 5-октябрда Өзбекстан Республикасынын жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулар, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеевдин жолугушуусу туурасында баяндалган макала менен толук тааныша аласыз. Шайлоо алдындагы дагы бир маанилүү баш макалага көз жүгүртсөңүз. Президент Алмазбек Атамбаевдин 7-октябрь күнү өлкө өнүгүүсүнө салым кошкон мекендештерибизге сыйлык тапшырганы, салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи ошол күнү таң эрте жол кырсыгынан мезгилсиз дүйнөдөн кайткан, кыргыздын мыкты уулу Темир Жумакадыровдун өлүмү тууралуу суук кабарга катарлаш болуп, сүйүнүчүнөн мурун күйүтү күч болуп, өзгөчө президент Алмазбек Атамбаевдин кабыргасы кайышып, жүрөгү ыйлап, ичи ачышып турганын сүрөттөгөн, ошондо өлкө башчысынын сөзүн толугу менен гезит бетине түшүргөн макаланы “Элим, бүгүн өлкөбүздүн тагдыры сиздердин колуңуздарда” деген аталышта  койду. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз