ММК

"Де-Факто" : талапкерлердин дүбүртү дааналап угулуп, ого бетер бүйүр кызытууда" image Фото: www

13 Окт, 2017 1969

"Де-Факто" бүгүн "Жеңиш биздики!" деп Сооронбай Жээнбековдун сүрөтү менен жаңы санын чыгарды. Жарнамалык бул материалды сиз гезиттин 8-9 беттеринен "Жээнбеков жеңет! Анын 9 себеби бар" деген аталышта тааныша аласыз. Аптаптуу жайдан кийинки күз күрөшү саясий майданда кызып, калың эле тарыхый тандоонун алдында  турган учур. "Ажолукка ат салышкандар  өлкөнү түрө кыдырып, марага келип калышты. Талапкерлердин дүбүртү дааналап угулуп, ого бетер бүйүр кызытууда" деген гезит талапкерлердин кимиси электораттын көпчүлүк добушуна ээ болот деген эксперттик божомолду жарыялады. Бул социологиялык сурамжылоо профессор Кусеин Исаевдин жетекчилиги менен жүргүзүлгөн. 

1- Диаграммада  айта албайм дегендер 21,9% Сариевге 1,8%, Бабановго 30,9% жана Жээнбековго 45,4% беришсе, 2-диаграммадагы-келе жаткан президенттик шайлоо канчалык деңгээлде таза жана адилеттүү өтөт деп эсептейсиз деген сурамжылоого- орто деңгээлде дегендер 56,4%ды, эң жогорку деңгээлде дегендер 1,8%ды, жооп берүү кыйын дегендер 1,8 %ды, төмөнкү деңгээлде дегендер   21,8%ды көрсөткөн, ал эми саясий туруксуздуктун келип чыгуу ыктымалдыгы дегенде эксперттердин жооптору пайызы менен көрсөтүлгөнү менен бул суроо боюнча эксперттерде бирдиктүү пикир жок экендиги аныкталган. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз