Ден соолук

Бишкекте 6 күн көкүрөк рагын аныктоо боюнча текшерүү акысыз өткөрүлөт image Фото: KTRK/videograp

13 Окт, 2017 10395

Бишкекте алты күн бою көкүрөк рагын аныктоо боюнча текшерүү акысыз өткөрүлө турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 21-октябрда дүйнөдө көкүрөк рагы тууралуу кабардар болуунун күнү белгиленет. 

Буга байланыштуу 16-21-октябрь күндөрү Улуттук онкология жана гемотология борборунун бейтапканасында жана Маммологиялык борбордо ачык эшик күндөрү өтөт. Кабыл алуу убактысы — 9.00дөн 14.00гө чейин.

Бул күндөрү аялдарга дартты өз алдынча аныктоо боюнча маалымат берилет. Текшерүү акысыз.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз