ММК

Кыргыз Туусу: Диний фанатизм коркунучтуу илдет image Фото: www

17 Окт, 2017 2421

Басма сөзгө баяндама

Тойдун эртеси да болду деп бүгүн Фабула Жээнбеков жеңди, Бабанов бийликти басып албайт деген баш макала менен жарык көрдү. Макала көпчүлүктүн колдоосуна КСДПнын жылдырган талапкери Сооронбай Жээнбеков болду. 

Алдын –ала  БШКнын чыгарган жыйынтыгы боюнча 55 пайызга жакын калктын добушун алды. Көпчүлүктүн ишенимин актайм, өнүктүрүү, туруктуулук жолун улайм деп жаткан Жээнбеков эгемендүү Кыргызстандын бешинчи президенти болмокчу деп башталып, шайлоодон кийинки абалга, кечээ күнү берген Бабановдун маалымат жыйынан, жеңишке жеткен Жээнбековдун кыргыз элине айткан ыраазычылыгы туурасында жазылды. 

Эми Кыргыз  Туусуна өтөлү. Кыргыз Туусу алдыңкы бетине Президент Алмазбек Атамбаевдин “Шайлоо күнү мен үчүн майрам. Себеби, таза шайлоо өткөрүү үчүн көп аракет жумшадык” деген сөзүн, Кыргыз көчү жолун улайт Жээнбековдун  жеңиши! дегенди, Ислам дини бул ортолуктун дини, аша чабууга, экстремизмге, терроризмге, радикализмге жол берилбейт” -деп Максат ажы Токтомушевдин айткандарын, “Манасты” жараткан элден дагы да Манас жаралат” деп белгилеген Жылкычы Жапиевдин маегинен коюп жаңы санын тартуулады. 

Диний фанатизм коркунучтуу илдет деген Дин жана коом рубрикасы да жарык көрдү.  Бул макаладан Кыргызстандагы ислам дининин ордун, кыргыз салттары ислам динине карама-каршы келбесин балдарга светтик билим берүү туурабы же динийби дегенге жоопторду окуй аласыз.  Жана бул суроо  айрым атуулдардын пикирлери менен толукталды. 

Мисалы журналист Эрнис Кыязов:  ар бир адам баласы билим, илим алып, кудайды дагы унутпоосу керек, Билимди, илимди канчалык терең казган сайын адам Кудайдын бар экенин ошончолук тааныйт деп белгилесе, “Акыйкат жолу” коомдук бирикмесинин төрайымы  Бүбүайша Арстанбекова ?диний билим берүү эмес, светтик жана салттуу билим берүү натыйжалуу болот деп ойлойм. Себеби философиялык ой- жүгүртүүгө өбөлгө боло турган тарыхый маданиятыбызды, каада-салтыбыз, нарк насилибизди унутпай, маңкурт болуудан сактайт деп белгилеген. 

Басма сөзгө баяндама жасаган Таалайгүл Сыдыкбекова, Биринчи радио


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз