Илим жана билим

«Акылдуу мектеп» долбоору ишке ашат image Фото: warfiles.ru

10 Март, 2016 1314

Өлкө аймагында мектептерде  «Акылдуу мектеп» долбоору ишке ашат. Анын алкагында мектептер заманбап маалымат техникалары менен жабдылып, ар бир мектепти интернет менен байланыштырылат. Андан сырткары электрондук китептерди менен камсыз кылуу каралган. Ал ортодо адистер муну учурдун талабы экендигин белгилешүүдө.

Окуучулардын электрондук китептер менен  билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, ар бир мектеп интернет байланышы менен туташтырылат. Долбоор «Акылдуу мектеп» деп аталып, мектеп окучуларынын билим алуусун жакштыртууга жана  окуу процессинде заманбап техникаларды колдонууну багытталган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева буларды кабарлайт. 

Учурда республикадагы мектептердин 25 пайызы  компьютерлер менен камсыздалса, 9 пайызында  гана интернет байланышы бар. Андыктан аталган долбоор бир топ каражаттарды талап кылат. Буга байланыштуу быйыл мамлекеттик бюджеттен 100 млн сом бөлүнгөн. Ал каражаттарга электрондук китептер даярдалып, мектептерге интернет киргизилет. Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева доолбордун алкагында чет тилдерди үйрөтүү үчүн стандарттар иштелип жаткандыгын айтат.

Ал эми адистер болсо муну учурдун талабы экендиги белгилешүүдө. Анткени өсүп келе жаткан муун дүйнөдөгү маалыматтык техниканы колдоно билип, ал аркылуу билим алууга шарт түзүп берүү зарылчылыгы бар.  Кыргыз Билим берүү академиясынын вице-президентти, окумуштуу педогог  Советбек Байгазиевдин айтымында мындай демилгелерди көтөрүү учурдун талабы.

Кошумчалай кетсек «Акылдуу мектеп» долбоорунун алкагында Мамлекеттик катоо кызматынын биргеликте окуучулардын бирдиктүү реестрин түзүү пландалууда. Анын аркасында окуучулардын сабакка баруусу жана жетишкендиктерин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мирбек Сакенов БИРИНЧИ РАДИО

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз