ММК

Фабула: Тазабек Икрамов - “Төрөбаевди фракциянын лидерлигинен кетиришибиз да мүмкүн” image Фото: WWW

27 Окт, 2017 2965

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн Де-Факто азыл-чыны аралаш, чычалаган жарабас деп, Темир Сариев менен Бакыт Төрөбаевдин футбол аянтчасындагы сүрөттөрүн коюп, Саясаттан “салат” жасагысы келгендерден алым сабагы деген теманы коюп жарык көрдү. Бул алым сабакты президенттикке талапкер болуп өтпөй калышкан Темир Сариев менен Бакыт Төрөбаевдин айтышы кылып жазышты. 1 куплеттен мисал айталы, Темир  Сариевден: Жаман оюң ушинтип оңолбойбу, не болсо да өмүрдөн жоголбойлу, “Ак шумкарым” айланды көгүчкөнгө, көп сүйлөбөй, кел иним топ ойнойлу, деген саптары менен аяктаса, Бакыт Төрөбаев: Болот азыр каректи жаштаса да, Тебем азыр тобуңду накта сага, мен да байке кайгырып араң турам, “Тракторум” айланып “таш бакага” деп жооп бертирген саптарды толук окуп Де-фактонун тамашасына жылмайып алыңыз.

Эми Фабула менен улайлы. Фабула бүгүн кара булут каптаганда деп, “Президент” Бабанов менен “премьер”Төрөбаевдин абалы анча эмес.. деген тема менен жарыкка чыкты.  

Алдыңкы бетинен Жогорку Кеңештин төрагасы кызматтан кетти , Дастан Жумабеков ЖКтин төрагасы болду, Даир Кенекеев вице-премьер болду, Бабановдун ишенген адамдары жээкке сүрүлүүдө, Бабановдун ордун Зулушев ээлейби?, Ишенген кожом сен болсоң же ураган Авангард стиль, Кара-кече “каралардан”, өлкөбүз көмүр таңсыктыгынан качан арылат? Тарых музейи таланып кетиптир го.., Турганбаев акпы же Карамушкинаныкы калппы? деген аталышта окуй аласыз. 

Чыныбай Турсунбеков спикер болуп кандай иштеди? Дастан Жумабеков ишти алга тарта алабы? деген суроолорду коюп айрым респонденттердин пикирлерин жарыялады. 

Андан ары депутат Тазабек Икрамовдун “Бакыт Төрөбаевди фракциянын лидерлигинен кетиришибиз да мүмкүн” деген аталыштагы маеги орун алган.  Саясаттын тыш маек бар Ал Арстанбек Абдылдаевден “Мен  ар бир күнүмдү жомоктоштуруп жашайм” деген аталышта алынды. 

Басма сөзгө баяндама жасаган Таалайкүл Сыдыкбекова, Биринчи радио



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз