Илим жана билим

11-март Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чек араны тактоо иштери башталган күн image Фото: http://uzxalqharakati.com

11 Март, 2016 985

 14-март 1946- жылы  “Кыргызстан” аттуу көркөм-адабий журналын биринчи саны жарык көргөн. Журналдын алгачкы саны чыккан күнү эле  партиянын көзөмөл органынын сынына түшүп,   «улутчул»  маанайды камтыйт деген айыптоолорго кабылган. Кийин бул журналда кыргыз адабиятынын классиктеринин  ырлары, макалалары жарыяланып турган.

11- март 2003- жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чек араны тактоо иштери башталган. Ташкентте өкмөттөр аралык комиссиясынын алгачкы жыйыны болгон. Кыргыз делегациясын Кыргызстандын Евразия Экономикалык Шериктештигиндеги вице-премьер-министр даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетов жетектеген. Ал күнү  эки тараптуу комиссия чек ара тилкесининин 22 чакырымы боюнча макулдашууга жетишкен.
 11- март 2003- жылы  Бириккен Улуттар уюмуна караштуу Өнүктүрүү Программасы Кыргыз Республикасынын Омбудсмен институтуна 140 миң доллар өлчөмүндө материалдык жардам көрсөткөн. Каражат акыйкатчы институтун жабдуу иштерине жумшалган. 

11- март 2005- жылы  Париж клубу Кыргызстандын тышкы карызынын 124 миллион долларын кечкендиги туурасындагы маалымат таркаган. Каржы министрлигинин басма сөз кызматы Париж клубу Кыргызстандын 431 миллион доллар өлчөмдөгү тышкы карызынын төлөөнү кийинкиге жылдырганын билдирген.

11-март  2014- жылы  Түркияда    Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси белгиленген. Иш чараны  “ Түрксой”  уюуму уюуштурган.

Дүйнөлук тарыхтын бетинде:

11- март  1835- жылы Канада алгачкы банкнотторун жарыкка чыккан.

11- март 1985-жылы КПСС БКнын кезексиз чакырылган жыйынында  Михаил Горбачёв Советтер Союузунун Комунистик партиясынын  Борбордук комитетинин  ( КПСС БКнын) башкы катчысы  кызматына дайындалган.
 
11- март 1990- жылы  Литва республикасынын эгемендигин кабыл алган.

11-март 2011-жылы Япониянын чыгыш жээгинде күчү 8,5 баллга жеткен жер силкинүү катталган.  Цунаминин бийиктиги 10 метрге чейин жетип  “Фукусима 1” атомдук электр станциясында жарылуу болгон.  Жер титирөө, артынан келген цунами 16 миңге жакын адам өмүрүн алган.   

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз