ММК

Бүгүн Кыргызстанда Маалымат жана басма сөз күнү image

7 Нояб, 2017 2247

Бүгүн, 7-ноябрь Кыргызстанда Маалымат жана басма сөз күнү.   Өлкө тарыхында биринчи жолу 1924-жылы бул күнү  кыргыз тилинде “Эркин Тоо” гезити жарык көргөн. Ал эми 1993-жылы 1-ноябрдагы Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен Массалык маалымат каражаттарынын кесиптик майрамы катары тарыхка кирген. 

Учурда кыргыз журналистикасы сөз эркиндигинин доорунда, бирден-бир коомдук пикир түзүүчү институтка айланды. Заманбап технологияларды колдонуунун аркасында маалымат таратуу ыкчамдыгы алдыга озду. Деген менен айрым  бир жактуулукка жол берген, буйрутма материалдарды тараткандар кыргыз журналистикасына көлөкө түшүрүп келет. Деги эле Кыргызстандагы журналистиканын абалы кандай?

 

1924-жылы 7-ноябрда өлкө тарыхында алгачкы жолу “Эркин Тоо” азыркы Кыргыз Туусу гезити  жарыкка чыккан. Гезит Ташкентте басылып ага Ишеналы Арабаевдин гезиттин мааниси туурасында жазылган макаласы, Аалы Токомбаевдин «Октябрдын келген кези» аттуу ыры жарыяланган. Бирок буга чейин орус тилдүү бир топ гезиттер чыгып келгенин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин  басма сөз кафедрасынын  башчысы  Абдыганы Халилов эске салды.


Ошентип кийин 1925-жылы гезит Пишпекте чыга баштаган. Ошол жылдары гезит караңгы элдин сабатсыздыгын жоюу, агаратуу иштерин жүргүзүү, адабият менен журналистиканын өнүгүшүнө зор салым кошкан. Өз учурунда гезиттер мугалимдер үчүн да окуу китеби катары колдонулган. 1927-жылы 20-августтан баштап гезит «Кызыл Кыргызстан» аталып, кийин «Советтик Кыргызстан», ал эми 1991-жылдан бери “Кыргыз туусу» болуп чыгып келет. 

Ал эми 1993-жылы 1-ноябрдагы Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен Массалык маалымат каражаттарынын кесиптик майрамы катары тарыхка кирген деп билдирди Кыргыз туусу гезитинин баш редакторунун орун басары Мырзакат Тыналиев.

Бегайым Абдыкадырова  “Биринчи радио”



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз