ММК

Де-факто: "Кыргызстанда саясатчылардын “айыккыс” дарттары көбөйдү" image

10 Нояб, 2017 2074

Басма сөзгө баяндама

Швейцария болчу жерди швея кыздар ээледи дегенди  Аскар Акаевдин сөзү кылып, “Опщий домдогу” он беш жыл деген темада биринчи ажонун туулган күнүн эске салып бүгүн Де-факто жаңы санын тартуулады. “Аскар Акаев кандайча президент болуп калды?”-деген суроого бардык саясий серепчиден баштап жөнөкөй фермерге чейин ишенимдүү айтат: “Кокустан болуп калды”-деп.

Чынында эле Аскар Акаевич президенттик көлдөлөңгө  күтпөгөн жерден көчүк басты. Кокустан келип конду. Тагыраак айтканда Чынгыз Айтматовдун эпкини менен болду дешет жакындан билип, камыр-жумур аралашып жүргөндөр. Болсо болгондур. Ал жагы азыр анча маанилүү эмес.

Башталганда баары эле сонун болуп аткан деген бул макала 73 жаштын көйнөгүн кийип жаткан Аскар Акаевди жакындары, жакшы санаалаштары куттуктап жаткандыр деп куттуктасын, ага каршылык жок, албетте алардын так саны канча экенин биз билбейбиз, бирок бир нерсени жакшы билебиз- эгер калган президенттик мөөнөтүн да биринчи беш жылындай жакшы, калыс иштегенде, азыр аны аз дегенде эле алты милион эл куттуктап атмак деп, биринчи мөөнөтүндө эмес калган убактыларында кетирген кемчиликтерин  ушул макалада санап берди бүгүн Де-Факто.

Ушул эле алдыңкы бетте Кыргыз руху ойгонуп, түптүү эл экенибизди дүйнөгө даңазаладык деген кылымга тете алты жыл туурасында жазылган макала да орун алды. Акыйкаттыктан тайганда деген Де-факто Анатай Өмурканов Нурсултан Назарбаевге эмнеге кошомат кылды? деген суроого жооп жазды.

Андан аркы бетинде Де-факто Кыргызстанда саясатчылардын “айыккыс” дарттары көбөйдү. Кылмыш иши козголгондо эле  оорусу кошо козголгондорго рак, жүрөк, тизесине ириңдин толуп кетиши сыяктуу аныктамалар заматта коюлат деп, Шайлоодон жыдыган Өмүрбек Бабанов кандай ооруга чалдыкты деген макаланы жазды.

Басма сөзгө баяндама жасаган Таалайкүл Сыдыкбекова, Биринчи радио



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз