ММК

Атамбаев: “Көз карандысыздык, эгемендик үчүн жаным курман” image Фото: gov.kg

17 Нояб, 2017 1528

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн Де-факто какшык төрдөн баштады. Алдыңкы бетине "Үркөр-жылдыз” кайдасың?..деп издеп жүрөбүз, айланайындар, көрдүңөрбү? деген теманы коюп, жаркыраган бир балабызды жоготуп алдык. Чаламандын чак түшүндө жоготтук. Өзү тепкедей болгон бала эле. Кайда жүрдү болду экен, деги аман болгой эле. Тажикстанда экен деп бир уктук, жок Казакстанда экен деп эки уктук, андай эмес эле Орусияда облустук бир ооруканадан көрдүк деп дагы уктук деп азил чыны аралаш саптарды жазып Де-Факто бүгүн жарык көрдү. 

Кийинки бетинде өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин сөзү менен аталган “Көз карандысыздык, эгемендик үчүн жаным курман” деген аталышта мамлекеттик Ала Арча резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин отурумунан даярдалган көлөмдүү макала коюлду. Майдадан жазган макалалар Төрөбаевди Жолдошбаев “жок” кылабы?, зыянкеч” Зиядин же ажо агынан жарылганда, мэрдин мээнети кайтканда,  Назаров дегенде намыс барбы?, Казакбаев келсе эле “казаныбызга” аш толобу? Төбөсүн мыкчыган “премьер министр” Төрөбаев, эрки күчтүү, адамдык сапаты бийик Элмурза Сатыбалдиев, өлкөдөгү туруктуу абалга Абдил мырзанын аракети күч, Арстан мүнөз Айгүл айым,   деген аталышта тизилди. Кененирээк ютубтан уга аласыз.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз