ММК

Байжиев: "Манасты коргоо" тууралуу атайын бир уюм түзүү зарылдыгы жаралды image Фото: www

21 Нояб, 2017 2506

Бүгүн "Кыргыз Туусу" өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин соңку жыйынынан айтылган “Келечекке жакшы сабак бере алдым” деген сөзүн тема кылып, жаңы санын тартуулады. Бул аталыштагы баш макала гезиттин кийинки бетинен орун алып, жыйынтыктоочу жыйынында журналисттердин Казакстан менен болгон мамиле тууралуу, жаңы президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу, жаңы элчи Жусупбек Шарипов тууралуу, ГЭСтер боюнча, Бабанов боюнча, жаңы өкмөт тууралуу, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча Куралдуу Күчтөр жана Генштабдын башчысы тууралуу берген суроолоруна президенттин жоопторун жазды. Президенттин иш күндөлүгүндөгү дагы бир макала "Мамлекеттердин алакасы да, лидерлердин алакасы да жакшы" деп аталды. Бул макала 17-ноябрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Россия Федереациясынын президенти Владмир Путиндин чакыруусу менен Санкт-Петербургдагы 6-эл аралык маданий форумдун ачылыш аземине катышуу үчүн Россия Федерациясына барган иш сапарынан даярдалды. 

"Атың чыкпаса жер өрттө" деген "Фабуланын"  "Уят көрүнүштөрдү Манас дастанына байлап жазган Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев эмес" деген макаласына көңүл буруңуз. Мында белгиленгендей, аз күн мурун интернеттеги социалдык түйүндөргө “Манастагы” уят көрүнүштөрдү чагылдырган китеп басылып чыккан текст жарыяланган ал китептин түзүүчү автор Бексултан Жакиев деп жүргөн. Бирок окурман, сиз ойлобоңуз, автор Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев деп, Ал эмес. Биз Кыргыз Эл жазуучусу , кыргыз Эл баатыры Бексултан Жакиевдин Манас боюнча жазган китеби менен толук тааныштык. Аталган жазма интернеттеги жазмага эч окшошпойт. Кыскасын айтканда Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиевдин атын жамынган бирөө же чын эле анын ысымы, фамилиясы дагы Бексултан Жакиевдир. Мына ошол киши бүгүнкү күнү уят көрүнүштөрдү Манас дастанына байлап жазып, болгондо дагы мектеп программасына киргизип, окуучуларга окутууну аракет кылып жүргөнүн байкоого болот деп жазылат. Ушуга байланыштуу гезит Эл Баатыры Бексултан Жакиевдин өзүнөн, Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиевден, дагы бир топ жазуучулар, чыгармачыл инсандардын ойлорун уккан. Бул маселе боюнча жазуучу Мар Байжиев “Манасты коргоо" тууралуу атайын бир уюм түзүү зарылдыгы келип чыкканын белгилеген. Кененирээк ютубтан укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз