ММК

"Азия Ньюс": Атамбаев Каримовду "тынчытты" эле, эми Назарбаевдин "түбүнө жетеби"? image Фото: www

23 Нояб, 2017 1755

Саясаттан көп жазган "Азия Ньюс" бүгүн жаңы санын тартуулады. "Ак Карга" деген бурчу ЖКтин эркин депутаты Жанар Акаевдин "Парламент тарабайт. Себеби партиялардын акчасы жок" деген кыска маегин, дагы бир депутат Искендер Матраимовдун “Эгер мамлекетибиз бай болгондо кымбат машине минсек жарашмак" деп аталган ат жалындагы маегин алдыңкы бетине басты. Ат жалындагы дагы бир маек:  Аалы Карашевден алынып,“Самолеттун билеттери үч эселеп кымбаттап, карапайым эл кыйналууда” деп аталды. "Кут кармаган" деп аталган  рубрика "Атамбаевдин тилинде мөөрү бар. Каримовду тынчытты эле, эми Назарбаевдин түбүнө жетеби"? деген макаланы койду. 

Асланбек Сартбаев жазган бул макала "Ачуу айтылган сынга Назарбаев теригип кыргыз бийлигине колунан келишинче кыянаттык кылып жатканын четинен санап, тирешүүнүн аягы жакшы болбостугун, Таластагы Киров суу сактагычынын жарымы агызылды, жазга чейин дагы калганы какшыйт, ошондо казактын талаалары жайында куурап, дыйкандар үчүн оор кырдаал жаралары бышык деп, муну кесепетинен мамлекеттин айыл чарба продукциясын кризистик шарт түзүлөөрүн бул келерки жылдагы  Казакстанда баштала турган ачарчылыктын коңгуроосу кагылууда" деп жазылат. Кененирээк ютубтан укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз