Ден соолук

Кыргызстанда эми электрондук саламаттык сактоо тутуму пайдаланылат image Фото: http://prostoysoft.ru/

14 Март, 2016 790

Кыргызстанда эми электрондук саламаттык сактоо тутуму пайдаланылат. Бул тууралуу Премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн жыйында айтты. Өкмөт 2016-2020-жылдарга Электрондук саламаттык сактоо програмасын бекитти. Сариев саламаттык сактоо маселеси абдан маанилүү жана бирдиктүү электрондук тутумдун киргизилиши зарыл экендигин белгилеп, медициналык тейлөөлөрдүн ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыздоо керектигин айтты. Программа жарандардын заманбап технологияларды пайдалануусу менен, аларга жеткиликтүү медициналык көмөк көрсөтүүнү жана жеке учетко алууну киргизүү максатында сунушталууда.

Учурда дарыгерлер көпчүлүк убактысы бейтаптардын ден соолугуна кам көрүүгө эмес, кагаз документтерди толтуруу ишине кетип жатат. Андыктан Электрондук саламаттык сактоо програмасын түзүү зарылчыгы келип чыкты дейт, Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев. Аталган программа жарандарга маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу негизинде, аларга жеткиликтүү медициналык көмөк көрсөтүүнү жана жеке учетко алууну киргизүү максатында сунушталган.

Дүйнөдө бир канча убактан бери эле электрондук саламаттык сактоо тутуму пайдаланылат. Өлкөдө буга чейин маалымат кол мен жыйналып, анын себебинен көйгөйлөр да чыгып келген. Электрондук саламаттык сактоо тутумуна өтүү ар-кыл кагаздарды толтурууда ишти жеңилдетип, калкты медициналык тейлөөнү тездетет, деп белгиледи Өкмөт башчы Темир Сариев.

Ага кошумча эми электрондук медициналык карта ишке кирет. Муну менен борбордогу ооруканаларда бейтаптардын диагнозу тууралуу маалыматты аймактардагы дарыгерлер көрүп, анын кийинки ден-соолугуна кам көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Система бардык аймактар менен электрондук багытта байланышат. Медицина илимдерини доктору, профессор Рустам Тухватшинучурда жарандарды дарыгерлер эмес, дарыканаларда олтурган фармацевтер дарылап жатат деген пикирин айтат.  Дары-дармектерди жарандар эч кандай дарыгердин көрсөтмөсү жок эле алып келген. Эми аларга да көзөмөл кылуу мезгили келди.

Рустам Тухватшин: Эртеби кечпи электрондук  саламаттыкка өтүүбүз керек эле. Учурда көбүнчө бейтаптарды даргерлер эмес,  дарыканада иштеген фармацевтер дарылап, өзү билген дарысын жазып берип калган.  Медицина тармагын көзөмөлгө алуу үчүн ушундай программалар керек эле.

Саламаттык сактоо уюмдарында пациенттин электрондук медициналык картасын ишке киргизүү электрондук саламаттык сактоо системасын жайылтуу үчүн биринчи кадам болуп саналат. Аны иштеп чыгууда Өкмөт  Электрондук башкаруу борбору менен иштерди координациялоо үчүн тыгыз аракеттенүү камсыз кылынат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз