ММК

Жээнбеков: “Намыстын күчү менен кыргыз көчүн алдыга сүрөй турган мезгил келди” image Фото: gov.kg

5 Дек, 2017 2331

Басма сөзгө баяндама

Ажонун алгачкы аракетин кубаттаган "Кыргыз Туусу" "Кыргыз – казак чек аралары ачылды" деген темада жана президент Сооронбай Жээнбековдун “Намыстын күчү менен кыргыз көчүн алдыга сүрөй турган мезгил келди” деген сөзүн алып бүгүнкү жаңы санын чыгарды. Сочидеги премьер министр Сапар Исаковдун иш сапарындагы же “Кытай-кыргыз-өзбек темир жолу боюнча позицияларыбыз дал келди” деген билдирүүсү да биринчи бетинен орун алган. 

Бул темаларды гезиттин кийинки барактарынан улап окуй аласыз. “КТ”-пресс бурчу: "Башкы коркунучтар-терроризм жана диний экстремизм" дегенди, "Наристесин тепкен Бариер Адиев экен" дегенди, Германиядан “тез жардам” келгенин, чуулу Чубак ажы сурак бергенин, млиция өзүн атып алганын, кыргыз киносу баш байге утуп алганын, тарифтер жаңы жылдан кийин белгилүү болот дегенди жазды. Кененирээк ютубтан укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио" 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз