ММК

Медетбеков: "Чубак ажынын заман талабына ылайык келбеген ой жүгүртүүлөрү бар" image Фото: www

14 Дек, 2017 5543

Басма сөзгө баяндама

"Кулматов бажыдагы коррупцияны колго алдыбы?" деп бүгүн "Азия Ньюс" жарык көрдү. Атың чыкпаса жер өрттө деген гезит “Сапар Исаковдун артынан түшкөн Элнура Алканованын ой жорумдары суу кечпей калдыбы?” деген макалага алдыңкы бетинен орун берди. Жакында кыргыз журналисти делген Элнура Алканова “Фергана” агенттигинин сайтында өзүнүн видеоролигин жарыялаганын, анда азыркы премьер-министр Сапар Исаков жөнүндө сөз жүрөрүн, темасы кыйкырып турган менен биринчи көз жүгүртүүдө эле көптөгөн жыйынтыктары ойлоп жабыштырылганы байкалып турганын гезит макаланын башында белгилейт. 

"Динди мамлекеттин ишине кийлигиштирбей, коомдун башын айлантпай жашайлы?” деген чакан макала менен бирге эле дин эксперти Артур Медетбековдун “Чубак ажынын заман талабына ылайык келбеген көп ой жүгүртүүлөрү бар” деген аталыштагы маеги жана “Сезим” кризистик борборунун менеджери Гүлмира Райымбек кызынын “Чубак ажы гана эмес, Өзбек ажы, Мыктыбек сыяктуу”акыл насаатчылар” да элди каалагандай калчашат деп айткан пикирине орун берилген. Кененирээк ютубтан укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз