ММК

Исаков: “Өкмөттүн башкы милдети- инвестиция тартуу” (аудио) image Фото: www

19 Дек, 2017 2323

Басма сөзгө баяндама

"Кыргызстан өнөр жай өндүрүшү боюнча алдыда" деп, Евразиялык биримдиктен тема кылган "Кыргыз Туусунан" баштайбыз. Ошондой эле бул сан 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алганын башкы бетине чыгарды. Президенттин иш күндөлүгүндөгү башка маалыматтар "Стратегия кечиктирилбесин" деп аталып, өкмөт башчы Сапар Исаков менен жолугушуусу,  "Таза коом" долбоорунун аткарылышы боюнча пикир алмашуусунан жана 2018-2040-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улттук стратегиянын долбоорун иштеп чыгуунун жүрүшү менен таанышкан учурдан жазылды. Кошуналык алака же 15-декабрда өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын россиялык бөлүгүнүн төрагасы Аркадий Дворковичти кабыл алган маалымат да  президенттин иш күндөлүгүндө “Өз ара мамилелерде эч кандай пикир келишпестиктер жок” деген аталышта орун алды. 

Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз