ММК

"Азия Ньюс" : "Ажаан аялдын тили узунбу же Мадумаровдукубу"? image Фото: www

21 Дек, 2017 3087

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Азия Ньюс" саясатчы Адахан Мадумаровдун тилин чыгарган сүрөтүн коюп, "Ажаан аялдын тили узунбу же Мадумаровдукубу"? деген ат менен жарык көрдү. Бул аталыш гезиттин кийинки бетинде Мадумаров жыгылып калса да “учуп баратам” деген кыялынан качан кайтат?... деген темада уланат. Соңку убакта Адахан Мадумаров коомчулуктун көңүлүн бурдурууга аракет жасап атканын байкап атабыз. Бийликтеги чиновниктерди жана Алмазбек Атамбаевди сындоо жагынан рекорд койгусу келүүдө. Эгерде анын ачуу пикири, дээрлик айткандары эл үчүн пайдалуу болсо, албетте биз колдойт элек деген автор, тилекке каршы Мадумаровдун максаты башка деп ушул жагын макаласында чечмелеп берейин деген. Анын макаласы Мадумаровдун саясий жүрүштөрүн тизмектеп, саясаттагы максатын жана коомчулукта аброюн рейтингин салмактаган. 

Мадумаров тилин канчалык шакылдата кайрабасын, жалпы элдик колдоого ээ боло албайт. Кайсы бир деңгээлде регионалисттердин ураалашы мүмкүн.  2011-жылы президенттик жарышта Мадумаров шайлоочулардын 16 пайыз колдоосуна ээ болсо, быйыл ал көрсөткүч 6 пайызга араң чамалады го? Бирок жеңилгенин эч убакта мойнуна албаса, жыгылып калса да учуп баратам деген кооз сөзүн айта берсе деги кимдин жүрөгү жылымак эле деп жазылат соңунда. Бул макаланын автору Асланбек Сартбаев анын кийинки макаласы “Атамбаевдин саясаттагы азарты эми башталат” деп аталды. Кененирээк аудиодон укса болот. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз