Кырсык

Ноокат шаарындагы мечит өрттөнүп кетти image Фото: www

22 Янв, 2018 6576

Ноокат шаарындагы Ош көчөсүндө жайгашкан мечит өрттөнүп кетти. ӨКМдин маалымат катчысы Авазбек Айтиевдин айтымында, кырсык 21-январга караган түнү саат 03:30дар чамасында болгон. 

Тилсиз жоо 03:50дөн тарта чектөөгө алынып, таңкы бештен 15 мүнөт өткөндө толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен мечиттин 400 чарчы метри күйүп кетти. Бактыга жараша өрттүн кесепетинен эч ким жабыркаган эмес.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз