Дүйнө жаңылыктары

Ирак армиясы соңку жарым жылдагы ири жеңишин белгилөөдө image

27 Дек, 2015 1248

Ирак армиясы согушкерлер ээлеп турган Анбар провинциясынын борбору Рамади шаарын өз көзөмөлүнө алганын жарыялады. 

Бул өкмөттүк күчтөрдүн “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун үстүнөн соңку жарым жылда жетишилген эң ири жеңиши катары сыпатталууда.

Шаарды жоочулардан тазалоо аракети бир канча аптага созулуп, 27-декабрда аскерлер провинициянын административдик имаратын ээлегени кабарланды. Бирок “Ислам мамлекети” тобуна каршы АКШ баштаган аскерий коалиция Рамадинин административдик имараты өкмөт колуна өткөнү тууралуу маалымат бышыктай элек.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз