Кырсык

Башаламан көк бөрү оюндары кырсык менен аяктап жатат image Фото: www

31 Янв, 2018 12185

Акыркы күндөрү башаламан көк бөрү оюндары кырсык менен аяктап жатат. 23-январда Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караштуу Мөөркан айылында 12 жаштагы бала көк бөрү оюну учурунда ат алдында калып каза болсо, көп өтпөй 27-январда Бишкектин четиндеги "Ак-Бата" жаңы конушунда аламан улакка катышкан оюнчу аты менен кошо сууга түшүп кетип каза болгон. 

Туугандары чечинип алып муздун астына кирип издегени менен табылган эмес. Адистер ирээтсиз, коопсуздугу сакталбаган аламан оюндар, көк бөрү оюунуна сөз келтирүүдө дейт.Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкүл Идирисов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз