Кырсык

Бишкекте лифт оңдоп жаткан эки адам кулап кетип, бирөө каза болду image Фото: www

14 Фев, 2018 10819

Бишкек шаарынын Айтматов проспектиси жана Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги кабаттуу үйлөрдүн лифтин оңдоп жаткан эки адам кулап кетип, бирөө каза болду. Аны Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы кабарлады. 

Маалыматка караганда, лифт оңдогон кызматкерлер техникалык эрежелерди сактаган эмес деп болжолдонууда. Учурда факт боюнча комиссия түзүлүп, адистер окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бишкек шаардык Тез жардам кызматынан кабарлашкандай, жаракат алган экинчи адам ооруканага жеткирилди.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз