Кырсык

Күндүн темасы: Жаңы кабыл алынган мыйзам жол кырсыктарын азайтабы? image Фото: www

16 Фев, 2018 1115

Кыргызстанда 5-февралдан 11-февралга чейин 21 237 жол эрежеси бузулганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, 208 айдоочу мас абалында унаа айдаса, 503 айдоочу тийиштүү документи жок рулга отурган. Айып короого 837 автоунаа токтотулган. Анын ичинен үрөй учурган жол кырсыгынын бири 10-февраль күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында кечки саат 17:00дөр чамасында катталып, кырсыктын кесепетинен эки мугалим каза болду. Экинчи жол кырсыгы Бишкекте болуп, анда айдоочу рулду башкара албай жодун четиндеги Тазалык ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен. Аял тез жардам унаасы менен ооруканага баратканда жолдон үзүлгөн Учурда кырсыктын себептери аныкталып, айдоочулары камакка алынды.

Уктурууга Жол коопсуздугу бирикмесинин адиси Агзам Дүйшөналиев, ИИМ ардагери мурдагы мамлекеттик автоинспекциянын орун басары Калысбек Темиров катышты. Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз