Экономика

44 мектептин долбоорлору бүтүп, 16 мектептин курулуш иштери жүргүзүлүүдө image

28 Дек, 2015 730

2015-жылы жалпысынан 98 социалдык маанидеги мекеме бүткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов билдирди. Анын айтымында, быйыл 305 социалдык объектилерди куруу иштери жүргүзүлгөн.

Турдубек Мамбетов 98 социалдык мекемени бүткөрүүгө мурдагыга салыштырмалуу 600 млн сомго көп бөлүнгөнүн кошумчалады. Жалпысынан 2015-жылы 2 млрд 82 млн сом 100 пайыз  которулган.

Ошондой эле Жер-Үй кенин иштетүү укугун сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен курулуучу 100 билим берүү объекттилеринин курулушуна 2015-жылы 345 миллион сом бөлүнүп, 44 мектептин долбоорлору бүтүп, 16 мектептин курулуш иштери жүргүзүлүүдө.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз