ММК

Фабула: Алмаз Ногойбаев 100 вагонду "жеп" койгонбу? image Фото: www

2 Март, 2018 1453

Басма сөзгө баяндама

Бали деген Де-Факто “Мыйзам катуу. Бирок ал-мыйзам”- деген Замирбек Осмонов деп тема коюп, алдыңкы бетине каржы полициясын оңдогон төрага дегенди жазып жаңы санын тартуулады. Кийинки бетинде төрт жарым айдан бери жумуш ордуна келбеген Фархат Иминовдун депутаттык мандаты качан алынат деген макала, ушул эле жерде бири-бирине кайчы келген чакан маектер орун алды. Ат алындагы бул маектердин бири ЖКтин депутаты Осмонбек Артыкбаевден “Твеа компаниясынын өкүлү менен расмий жолугушуу болгон эмес”- деген аталышта жана бул темага кайчы пикир ЖКтин депутаты Сайдулла Нышановдон “Осмонбекти күнөөлөгөндөн алысмын” деген аталышта алынган. 

Алдым жуттум деген Фабула  бүгүнкү санын Алмаз Ногойбаев 100 вагонду жеп койгонбу деген темада чыгарды. Бул теманы гезиттин 4-бетинен Алмаз Ногойбаев эмнеге кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт деген аталышта улантып окуйсуз. Биринчи бетинде тизилген майда макалалар Кулов аялына болушуп чыкпайбы? Кош жарандыгын жашырган атка минерлер соттолобу? Жумабеков миң тонна буудайды жеп коюптур, майнапсыз корогон каражаттар, Президент Фарид Ниязовдун отставкасынкабыл алган жок, акча желген жерден төбөсү көрүнгөн Калиев деп аталды. Өткөн сандагыдай же бул санында да Келдибектен күлкү кептер бар. Саясий серепчи Кайрат Осмоналиев “Коомчулук президенттин айткандары ишке ашса деп күтүп жатат” деген аталышта маек курган. Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз