Кырсык

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болду image Фото: МЧС

5 Март, 2018 9674

2018-жылдын 4-март күнү саат 14:40 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 171-чакырымында Тayota Ist үлгүсүндөгү жеңил унаа менен Scania оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Тayota Ist унаанын ичинде 2 эркек, 1 аял, 1 жаш бала болгон. Баардыгы каза болушкан. Оор жүк ташуучу унаадагы 2 адамдын абалдары жакшы. 

Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында нөөмөттө турган КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары каза болгон адамдардын жансыз денелерин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз