ММК

"Фабула": Боркеев камалды, кезек Абаскановго келдиби? image Фото: www

6 Март, 2018 1729

Басма сөзгө баяндама

Кокуйлар деген Фабуладан баштайлы. Бул сөз гезиттин биринчи бетинде Боркеев камалды, кезек Абаскановго келдиби.. деген теманын башына коюлду. Алгачкы бетин ээлеген майда макалалар Асылбек Өзүбековөзү бек болду. Журабаеванын баш айланткан логикасы, Абасканов камалабы? “Айран ичкен кутулуп, аяк жалаган тутулат” болбош керек, Карындашы Канжардын соттолбой жатышынын сырын ачты, Иминовдун иши бүттү, Отунбаеванын ойлогону эмне?, өзүнөн башкага ишенбейт же Мадумаров, Руслан Элебесов камакка алынды, пара алсаң Конституциялык палатага сот болосуңбу? ИИМди аял башкарбаса оңолбойбу? деп аталды. Андан аркы бетинде укук коргоочулар менен жактоочулар коррупциялашкан жана саясий буйрутма аткарган соттордун кара тизмесин түзүп чыгышканын Коомдук анализ институтунун башчысы Рита Карасартова жарыялады деген гезит алар түзгөн кара тизмени басты. Кайсы соттор кирди деп кызыксаңыз, бүгүнкү Фабуланы караңыз. 

Бүгүн  Кыргыз Туусу  “Президенттиктеги жүз күндүк”  деген тема менен жарык көрдү. Бул теманыкийинки бетинде “Элге берилген убадалар аткарыла баштады” деген аталыштауланды. Бул аталышты тастыктаган аргументтер жана фактыларды камтыган макала100 кун аралагында бүтүндөй кыргызстандыктардын Президент СооронбайЖээнбековдун илбериңки дипломат, элдин көйгөйлөрүнө көз жуумп койбогон чыныгыэлдик адам жана коррупцияга каршы тайманбай күрөшө ала турган чечкиндүүсаясатчы экенине көзү жетти деп башталат. Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз