Кыргызстан жаңылыктары

Борбор калаада веложолдун долбоору иштелип чыкты image Фото: www

9 Март, 2018 1543

Бишкектин түштүгү менен борборун бириктирген веложолдун долбоору иштелип чыкты. Бул туурасында шаарды өнүктүрүү агенттиги маалымдады. 

Долбоор Кыргызстандын велобирикмеси тарабынан демилгеленген. Аны иштеп чыгууга меценаттар ири каражат бөлгөндүгү айтылууда. Веложол 12-кичи райондогу Токомбаев көчөсүнөн башталып, Ала-Арча дарыясын бойлой Медеров көчөсүнө чейин жетет. Андан кийин Байтик Баатыр көчөсүнө чейин барып, Түгөлбай Ата көчөсү (мурдагы Линейная) Эркиндик проспектиси менен байланышып, Чүй проспектисине чейин барат. Долбоор техникалык көзөмөлдөн өттү.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз