Коргонуу жана коопсуздук

Өзбекстандын талаштуу аймакка аскер техникасын киргизүүсү боюнча тактоо иштери жүрүүдө image Фото: http://glocdn.investing.com/

18 Март, 2016 1956

Кыргыз-өзбек чек арачылары Өзбекстандын талаштуу аймакка аскер техникасын киргизүүсү боюнча тактоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын кабарлашты. Маалыматка ылайык, азыр буга чейин тосулган Кербен-Ала-Бука жолу ачык. Ал арада жергиликтүү серепчилер өлкөнүн түштүгүндө  орун алган митингден кийин коңшулар ушундай кадамга барышы ыктымалдыгын айтышууда.

Маалыматка ылайык, 18-мартта эртең менен Ала-Бука районундагы Могол аймагында кыргыз-өзбек чек арасындагы тактала элек аймакка өзбекстандын 30дай аскер кызматкери келип, эки БТР жана эки Камаз унаасын токтотуп коюшкан. Мындан тышкары өзбек тарап Маданият-автодорожный көзөмөл бекетин бир тараптуу жаап салышкан. Достук-автодорожный өткөрүү пунктунан жарандар жана транспорт каттамына чектөө киргизилген.

Ал арада Өзбек тараптын талаштуу аймакка аскер техникасын киргизүүсү боюнча өкмөт башчы Темир Сариевдин төрагалыгы алдында өлкө чек араларын бекемдөөнүн чаралары боюнча жыйын өттү.Жыйынга укук коргоо органдарынын, Мамлекеттик Чек ара кызматынын, Коргоо кеңешинин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.Премьер өлкөнүн чек арасынын кол тийбестигин камсыз кылуу жана бекемдөө боюнча тиешелүү органдар өз милдетин так аткарышы керектигин белгиледи. Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедованын айтымында, өкмөт башчы  тиешелүү органдарга чек аралаш аймактарда жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу тапшырмасын берген.

Жергиликтүү серепчилер болсо, коңшулардын мындай кадамын жакында эле Жалал-Абадда орун алган митинге байланыштырып жатышат. Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдакы жетекчиси Саламат Аламановдун баамында, мындай кадам менен коңшулар өз пикирин билдирүү аракетин көрүшү мүмкүн.

Ал арада коопсуздук сактоо максатында Кыргызстандын жарандарына Сох аймагына убактылуу кирбей туруу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев билдирүүдө. Анын  айтымында Сохтун айланасында жайгашкан Таян, Сай, Бөжөй айылдарынан анклавды көздөй жолдору коопсуздук үчүн жабылды. Ал эми Кадамжай — Айдаркен — Баткен трассасы кадимки режимде иштеп, эч кандай чектөөлөр киргизилген жок. Бул трасса Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаранды үчүн ачык экенин чек ара кызматынан билдиришти.

М.Абдраманова, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз