Кырсык

Бишкек-Ош жолунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды image Фото: www

9 Март, 2018 10500

8-мартта кечки саат 19:30 чамасында Бишкек—Ош жолунун Жалал-Абаддагы Сузак районунун аймагында «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү унаа жолдон өтүп бара жаткан жылкыны сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу оор жаракат алып, окуя болгон жерде көз жумду. 

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, айдоочунун өздүгү такталып, Кара-Суу районунун Калинин айылынын 1971-жылы туулган тургуну экени аныкталды. Кырсык боюнча текшерүү иштери жүрүүдө. Окуя болгон жерде унаа сүзгөн жылкы да өлгөн.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз