Ден соолук

22-марттан тарта өпкөнүн сезгенүүсүнө каршы эмдөө башталат image Фото: http://fp.com.ua/

18 Март, 2016 478

Кыргызстанда 22-марттан тарта өпкөнүн сезгенүүсүнө каршы эмдөө  башталат.  Ал 2 ай, 5 ай жана 1 жаштагы  балдарга жасалат.  Саламаттык сактоо министрлигинин  маалыматына ылайык,  бир  жыл  ичинде   5 жашка чейинки  3 жарым миңге чукул бала  пневмококк инфекциясы  чакырган  менингит жана сепсис менен жабыркап  анын  500ү каза болгон. 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда  да  5 жашка чейинки балдар  арасында  үч жарым миңдей бала  пневмококк инфекциясы чакырган ооруларга  дуушар болгон.  Анын ичинде өлүм  менен  аяктаган көрүнүштөр  бар. Мындан улам Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңеши менен  өлкөнүн улуттук эмдөө календарына   кошумча  өпкөнүн сезгенүүсүнө каршы  эмдөө  киргизилди.  Республикалык эмдөө борборунун  жетекчиси  Жолдош Калиловдун айтуусунда, бир жашка чейинки балдарда пневмококк  инфекциясынан жабыркап, ооруга туш болуу коркунучу  жогору болгондуктан  1 жашка чейин 3 жолу эмделет.       

Калилов: Анализдеп караганда өпкө сезгенүүсүнөн өлүмгө  учурагандардын саны  10,7 пайызды түзүп  жатат. 22-марттан баштап бардык аймагында эмдөө жүргүзүлөт. 2000ден ашык  медициналык кызматкерлер окуудан өткөрүлдү. Министрликтин буйругунун негизинде өлкөдөгү жашы 2 ай, 5 ай жана 1 жаштагы балдар эмдөөдөн  өткөрүлөт.  

Пневмококк  инфекциясы кандайча жугат?  Ал  оорулуу , ошондой эле  пневмококкту алып жүргөн соо адамдардан аба аркылуу  жана турмуш-тиричилик шарттарда  жугат.  Адистердин айтуусунда, өнүккөн  өлкөлөрдө  жүргүзүлгөн  вакцинациянын  жыйынтыгында АКШ, Германия, Дания сыяктуу өлкөлөрдө   бул дартка чалдыкандардын  саны бир   кыйла кыскарган.  Ал эми коңшу Казакстан  жана Өзбекстанда  5 жашка чейинки балдардын өпкө  сезгенүүсү  менен  ооруканада  дарылануусу   бир  жарым   эсеге  чейин  төмөндөгөн. Бүгүнкү күндо өлкөгө  АКШ, Франция, Бельгия биргелешкен өндүрүшү тарабынан  чыгарылган тиешелүү көлөмдөгү вакцина  алынып келинди.  Ал  эл аралык талапка жооп берет жана коопсуз болуп саналат дешет адистер.

Калилов: Муну Гави эл  аралык уюму каржылады. Анын балдардын ден соолугуна коркунуч алып келе турган жагдайлары жок. Ал атайын текшерүүдөн өтүп  гана анан уруксат берилди.   

Дүйнөлүк  саламаттык  сактоо  уюмунун  маалыматына ылайык,  жер шарында 500 миңден ашык 5 жашка чейинки  бала өпкөнүн сезгенишинен өлүмгө учурайт. Маселен,  2015-жылы 5 жашка  чейинки  балдардын арасында катталган өлүмдүн  15 пайызы  пневмонияга байланыштуу . Андыктан балдарды  жугуштуу болгон илдеттен сактоого  дал ушул вакцина жардамга келерин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы офисинин өкүлү  Кубанычбек Моңолбаев  белгилейт.

К.Монолбаев: Вакцина  бир эле убакта  пневмококк   инфекциясынын  13 түрүнөн  коргойт. Пневмония балдарды өлүмгө алып  келүүчу себептердин бири болуп саналат. Дүйнөлүк саламаттык скактоо уюму буга  каршы күрөшүү  максатында  дал ушул вакцинаны сунуштап жатат.  Бул инфекция жалаң гана пневмония оорусун  чакырбастан ал  сепсис  жана менингит   ооруларын чакырат. Жаңы вакцина 5 жашка чейинки балдардын өлүмүн  кыскартат деп ишенебиз. 

Адистер, эмдөөлөр  инфекцияга каршы күрөшүү үчүн балдардын иммунитетин  жогорулатуу  жана  жугуштуу оорулардын пайда болуу коркунучун төмөндөтүү максатында жүргүзүлөөрүн белгилешет.

Г.Усенова, Биринчи радио 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз