ММК

Фабула: “ТЭЦтеги коррупция, президент Жээнбековдун эркин сынайбы?” image Фото: www

16 Март, 2018 2354

Басма сөзгө баяндама

Отунбаеванын кыймылы КСДПга каршы болобу деп тема койгон Де-Фактодон баштайлы. Бул тема гезиттин кийинки бетинде Отунбаева бийликке кандай жол менен,ал эми Атамбаев кандай жол менен келди эле деген макалада уланат. Айла кеткендеги арга деген гезиттин кийинки бетинде орун алган макала Сапар сөгүш берип, сөөмөй кезеди, эми иш алдыга жылабы деп аталды. 

Эми кийинки гезитке өтөлү. Бүгүнкү Фабула Сыноо деп “ТЭЦтеги коррупция,президент Жээнбековдун эркин сынайбы?” деген суроо коюлган тема менен  жарык көрдү. Мындай аталыштагы көлөмдүү макала 600 долларлык ”Акылдуу алтын аттиш”,1млн 800 миң долларлык “Алтын видеокамера”, ТЭЦ иштебей калса да иштей берген акылдуу трансформаторлор”, 150 млн долларлык долбоор кантип 386 млн долларга айланган? 

Бүгүн КыргызТуусунан “Алгачкы жолугушуу ийгиликтүү жолугушуу” деген өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун Астанадагы саммиттен даярдалып президенттин иш күндөлүгүнөн орун алган макаланы, Ашыр Чокубаев актерлордун алпы эле деген Жыпара Исбаеванын эскерүү макаласын, дагы бир эскерүү же КРнын эл акыны Эсенгул Ибраев бүгүн 85 жашка чыкмак, Өлбөстүктү жараткан өмүр деген жазуучу Самсак Станалиевдин көлөмдүү макаласын, Азия чемпиону Акжол Махмудовдун “Менин жеңиштериме атамчалык эч ким сүйүнө албайт деген маегин окуй аласыздар. Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз