ММК

"Фабула": Текебаев ден соолугуна шылтоолоп, жакында эркиндикке чыгабы? image Фото: www

20 Март, 2018 3322

Басма сөзгө баяндама

Кел Ноорузум, төргө өт, Күндүн көзү ачылды,кыргызым кийип калпагын, бабанын сыйлап арбагын, жоголгон салты кайрылды, Нооруз майрамыңыздар менен деген КыргызТуусунан баштайлы. Жаңы сандан премьер-министр Сапар Исаковдун сөзү менен аталган “Кыргызстандын Борбор Азиядагы ири аймактык авиахаб болуу мүмкүнчүлүгү бар” дегенди, ЖКтин депутаты Рыскелди Момбековдун “Эмне үчүн чиновниктер мамлекеттик тилди эл төлөгөн салыктын эсебинен үйрөнүшү керек? дегенин окуурубузду алдыңкы бетинен жарыялады.

Бүгүн Фабула бороон алдында... деп, Мансап, таасир талаш апогейине жеттиби ? деген теманын алдында жарык көрдү. Мындай аталыштагы көлөмдүү макала же мурунку жана азыркы президентибиздин айланасында болуп жаткан айың кептерден коомдун саясий кырдаалына сереп кылынды. Бул теманы гезиттин 4-бетинен окуй аласыз. Майда жазылган алдыңкы бетиндеги макалалар Сатыбалдиев суудан кургак чыккысы келет, Бишкекти таштандыдан муниципалдык полиция гана сактай алат, Данияр АмангелдиевТокмоктун мэри болду, Текебаев ден соолугуна шылтоолоп, жакында эркиндикке чыгабы?, Каныбек Осмоналиевге кылмыш иши жанданды, президент коррупционерлерди фокусу жок жазалашы керек, Сегизбаевди иштен алуу үчүн өкмөт башчы кылышабы деген аталышта орун алган. Андан ары “Каржылык жактан мыйзам бузуу болсо жоопберүүгө даярмын “ деп транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов маек курган. Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз