ММК

Де-факто: "Өзгөлөргө сүйкөнгөндү жакшы көргөн Байсалов" image Фото: www

23 Март, 2018 1891

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн Де-Факто какшык аралаш сөз менен аталган Досбол Нур уулу эски күндөрүн көп эстейт...деген теманы коюп жарык көрдү. Ушул эле алдыңкы бетинен “Агахандан” ап эткен Эралиев деген эргул чыкты деген чакан макаланы көрүүгө болот. Майда макалалардан куралган кийинки бетинен Каратаев деген “дефицит” кадрбы?, ууру сайттар уятты жыйыштырганда... иштен эмес, “ич-ичтен” колу бошобогон Марат Мураталиев, Сайдулланын санаасы тынчыбай.. эми депутаттыктан Турускулов баш тартабы?

Фабула бул санын Каныбек Осмоналиевдин 14 миң доллар пара алганы аныкталды. Камалабы? деп суроо койгон тема менен жарык көрдү. Алдыңкы бетиндеги макалаларды Кылычов Аскарбековду 70 млн сомго сотко берди, КСДП курултайга даярдыкты гана талкуулады, мэр менен шаардык кеңештин чыры, министр алмашса Сүйүн Өмүрзаков кызматынан кетеби, Ногойбаевдин мурдун балта кеспейт экен, президенттин ишине эч кийлигише албайм же Асылбек Жээнбеков, Мегакомду сатып алууга 4 кардарчыкты, Калиев качан камалат деген аталышта окуйсуз. Пикир рубрикасы же Фабуланын Экс президент Алмазбек Атамбаевдин саясатка кайрадан кайтып келишине кандай карайсыз? деген суроосуна жооптор орун алды. 

Бүгүн КыргызТуусунан эмгектин адамы же КРнын Баатыры Таштанбек Акматов менен президенттин  баарлашуусун, Башкы прокуратура 800 млндун изине түштү дегенди, юстиция министри Уран Ахметовдун Таза коом долбооруунун алкагында эки чоң долбоор бар. Биринчиси-электрондук нотариат, экинчиси-юридикалык жактарды онлайн каттоо деп айткандарын, Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун коррупцияга каршы чаралар турасында берген маегин, жыртык жолдор борбордун жүзүбү же бул боюнча Бишкекасфальтсервис ”муниципалдык ишканасынын өндүрүш жетекчиси Жумкадыр Алымбаевдин гезитке берген жоопторун, алаңгазар айдоочулардына эл тажап бүттү! Кененирээк аудиодон укса болот. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз