ММК

"Фабула": Жээнбеков менен Атамбаев жолугушуп, эмне тууралуу сүйлөштү? image Фото: www

30 Март, 2018 7928

Бабановго дагы эки кылмыш иши козголду деген Де-Фактодон баштайлы. Бул тема кийинки бетинде Бабанов өзүнө козголгон иштер боюнча үн катты деп уланат. Алгачкы бетиндеги майда макалалар Акылбек Жамангулов өкмөттүн түшүндүрмөсүн күтөт, кар менен жаан аймактарды кыйын абалга туштады, Сапар Исаков Өзбекстанда, Каныбек Осмоналиевдин соту 6-апрелде башталат. Ормуков өз ичин өзү кескиледи, эми алкоголдук ичимдиктер жарнамаланбайт, Тазабек Икрамов kg-номерлерди кайтаруу маселесин көтөрдү, борбордо жылуу суу көйгөйү жаралууда, Жээнбеков менен Атамбаевдин жолукканы тастыкталды, Нурханбек Момуналиев ТЭЦтеги былыктын башында турабы? Мискенбаевди колдоп Алга Кылычев да жарылды деген аталышта орун алды.  

Бүгүн Фабула Жээнбеков Атамбаев жолугушуп, эмне тууралуу сүйлөштү? деген теманын алдында жарык көрдү. Теманын уландысы экинчи, үчүнчү бетинде “Эки шеф кимдин башын айлантып жатат” деген аталышта орун алган. Майда жазылган макалалар “Баягы эле мумия деп, маданият жана маалымат министрине карата орун алса, кийинкилери Бабановду саясатка келгис кылыптапташабы? Жамалдинов ким үчүн күйүп –бышып жатат? Исаевдин иши тергелип бүттү, эми Шакинин шайы оойбу, “Белизгейттин” бети ачылабы? Зулушев жыландын башын кылтыйтты.. Мени эч ким тааныбай жатат дейт же Тазабек Икрамов, Үзөңгүдөн буту тайчу чекке жеттиби же  Айтмамат Кадырбаев деген аталышта тизилди. Андан ары Фабула бүгүнкү санына эки кайрылууну басты. Бири Бишкек шаарынын Шабдан Баатыр көчөсү 7-апрель  каармандары” деп аталышына карата аксакалдар тобунун, коомдук ишмерлердин кыргыз бийлигине же президент, спикерге жана премьер министрге карата жазылган  кайрылуусу,  экинчиси 2010-жылы  7-апрелде окко учкан балдардын ата-энелеринин кайрылуусу орун алды. 

Эми кезек КыргызТуусунда.  Бүгүн расмий гезиттен Ынтымак-ырашкерлик чек ара маселелерин чечүүгө өбөлгө болууда деген премьер- министр Сапар Исаковдун Фергана шаарындагы иш сапарынан даярдалган репортажды, “Бишкек-Ош аркылуу миңдеген тонна күйүүчү майларды ташып, мамлекетибиздеги стратегиялык жактан маанилүү жолубузду талкалап бүтө турган болдук деп, “Кыргыз нефти газ”акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Рашит Бостоновдун курган маегин,  “Жатаканада кандайдыр бир кырсык болуп кетсе, жоопкерчиликти мен алам” деп, улуттук университетте студенттердин дооматтарына билдирген ректор Канат Садыковдун айткандарын, айылдарга багытталган долбоорлор аракеттеби же жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралыкмамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевдин маегин, арбир ата-эне төлөп жаткан ар бир тыйындын дарегин сурап, талап кылып турса жакшы болмок деген билим берүү жана илим министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Махабат Жумагулованын да айткандарын,  машыктыруучу Майрамбек Ахметовдун “Чемпиондорду тарбиялап чыгаруу жердин астынан алтынды казып чыгарган сыяктуу деп курган маегин окуй аласыздар. Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"

 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз