ММК

"Де-факто": А. Атамбаевдин саясий аренага кайтып келиши кимдердин түн уйкусун бузууда image Фото: www

6 Апр, 2018 1508

Басма сөзгө баяндама 

Кыргыз туусу Апрель революциясынын 8 жылдыгына карата даярдалган материалдарга арбын орун берди. Президенттин иш күндөлүгүндөгү орун алган макала да өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун “Ушул күнү тарыхый бурулуш болуп, туңгуюкка бараткан жолдон чыгып, жаркын келечекке багыт алганбыз” деген сөзү менен аталды. 

Бүгүн Де-Факто 2010-жыл... 7-апрель...кыйылган кырчын өмүрлөр... деген тема менен жарык көрдү. Гезиттин баш макаласы Алмазбек Атамбаев саясий аренага кайтып келиши кимдердин түн уйкусун бузууда деп аталды. Чакана макалаларды карайлы. Мыктыны мыкты дей билели деген аталышта хирург, профессор Юсуп Уметалиевге карата жазылса, Тоо куш башын кумга тыкса эле, аман калабы деген аталыш Жантөрө Сатыбалдиевге карата жазылган.  Буга карата тизилген кийинки макалаларды: Калкым эмес, алкым деген Арстанбек Ногойбаев, Канкор Бакиевсиз 8 жыл, Бакиров бар үчүн Төрөбаев төбөгө жебей жүрөбү, жашыруун бизнестин башында ким турат, деген аталышта окуй аласыз. 

Эми Фабула менен жыйынтыктайлы. Айран ичкендер кутулбасын деген Фабула  Кезек “көзүрлөргө” жетеби?... деп  Шадиев, Калиев, Момуналиев, Авазов,Артыкбаевдин сүрөтун коюп жарык көрдү. Гезит койгон бул негизги теманы кийинки беттерден Коррупцияга тиешеси барлар сөзсүз жоопко тартылсын деген аталышта улантып окуйсуз. Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз