Коргонуу жана коопсуздук

Чек-арада абал туруктуу image Фото: pp.vk.me

21 Март, 2016 882

Кербен-Ала-Бука жолунда жүргүнчүлөр тоскоолдукка учурашкан жок. Өкмөт башчы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен абалды талкуулап, Чаласарт тилкесине жакын аймактарда жашаган жергиликтүү элдин коопсуздугун бекемдөөнү тапшырды. 

Мамлекеттик чек-ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөмбиевдин айтымында абал мурдагы күндөргө салыштырмалуу жумшарды. Жолго эки тараптан тең сегизден аскер коюлган. Бирок, калган чек-арачылар такталбаган тилкеден алыстаган жок. Буга чейин өзбек аскерлери жолдо ары-бери өткөн кыргыз жарандарынан документ талап кылып жатышканы кабарланган. Башкы чек-арачы 20-марттан бери бул көрүнүш жоюлганын айтууда. Ал эми коңшу өлкөгө атайын жөнөтүлгөн катка да, Тышкы иштер министрлигинин нотасына да жооп боло элек.

Райымберди Дүйшөмбиев: Мурдагы күндөргө  салыштырмалуу ошол Чаласарт такталбаган тилкесинен көбүрөк адамдар өтүп жатат.  Жүргүнчүлөрдү өткөрбөй койгон фактылар катталган жок. Бүгүнкү күнгө чейин ал  такталбаган учаскага эмне үчүн аскерлер киргизилгени тууралуу Өзбекстандан жооп  боло элек. Ар түрдүү маалыматтар бар. Алардын бирине таянсак, Ноорузга карата  ушундай кадам жасалышы мүмкүн. Бирок, такталбаган тилкеге аскер киргизип эмес,  коопсуздукту өз чек-арасында эле бекемдешсе болмок. Такталбаган учаскага  киргенге алардын укугу жок эле.

Аткаруу бийлиги коңшу өлкөнүн бул кадамын бир катар обьекттердин Кыргызстанга өткөнүнө байланыштырууда. Жалал-Абаддагы Орто-токой суу сактагычы, Чоң наманган, Чуст, Сол жээк Нарын каналдары, “Достук”, “Маданият” өңдүү насостук станциялар, Баткен облусунда Сох-Шахимардан, Лаган каналдары, “Фергананефть” автобазасы, ал эми Ошто Савай каналы өңдүү обьекттер Кыргызстандын карамагына өткөн. Өкмөттүн Чек араларды тактоо жана чек-ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандеровбардыгы  мурда жетишилген келишимдерге ылайык аткарылганын белгилейт.

Курбанбай Искендеров: Биздин аймакта жайгашкан  обьекттерди коңшу өлкө пайдаланып келген. Аларды мыйзам чегинде алганга олуттуу  кадамдарды жасап жатабыз. Буга негиз боло турган 1992-жылкы келишим бар. Жеке  Өзбекстан гана эмес, башка коңшу өлкөлөр пайдаланып жаткан да обьекттер  алынууда. “Орто-Токой” суу сактагычын кайтарып алууга аракети менен Өзбекстанга  кайрылсак, биздин жумушчу топту киргизбей коюшкан. Алар суу сактагычты оңдоодон  өткөрөбүз деп чек-арадан өтүүнү сурашкан. Биз макул болгон эмеспиз. Маселенин  чыгышы ушундан улам болуп жатат деп ойлойм.

Мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов обьекттердин Кыргызстанга өтүп жатышы коңшу өлкөнүн соңку кадамына түрткү болду деген пикирге кошулат. Бирок, ал азыркыдай абалдын жаралышынын жалгыз фактору эмес деп эсептейт.

Токон Мамытов: 15 жылдан бери абал оорлошуп келе жатат.  Чыңалуу 3-4 жылда кайталанып турат. Мунун себептери көп. Маселени комплекстүү  караш керек.

Ал арада премьер-министр Темир Сариев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен абалды талкуулап, такталбаган аймактын айланасындагы жергиликтүү элдин коопсуздугун бекемдөөнү тапшырды. Өкмөттүн Басма сөз кызматынын жетекчиси Назира Ахмедованын айтуусунда кооптонууга негиз жок. 

Назира Ахмедова: Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Темир Сариев чек-ара маселесине байланыштуу зарыл чараларды кабыл алуу үчүн  жыйын өткөрдү. Ага Коргоо кеңешинин, Мамлекеттик чек-ара кызматынын жана башка  бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты. Өкмөт башчы алардын  маалыматын угуп, такталбаган аймакка жакын жергиилктүү элдин коопсуздугун  бекемдөө тапшырмасын берди. Чек-арада абал тынч. Коркунуч келтире турган эч  нерсе жок

Президенттик аппарат оппозиция чек-ара маселесин өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатат деген билдирүү таратты. Анда айтылгандай соңку абал өлкө башчынын жеке көзөмөлүндө. Учурда социалдык түйүндөрдө чек-арадагы абалды жөнгө салууда кескин кадамдарга барууга чакырыктар жасалып жатат. Бир ирет Ак үй алдында митинг да өттү. Чек ара маселелери боюнча эксперт Саламат Аламанов мекен чегиндеги жоокерлер өз милдеттерин талаптагыдай аткарып жатат деген пикирде. Мындай абал алгачкы ирет жаралып жатпаганын, азырынча ашыкча кадамдарга негиз жок экенин белгилейт.

Саламат Аламанов: Мындай абал бизде кайталанып келатпайбы.  Чек-арачыларыбыздын адекваттуу иштеп жатканы жакшы. Коңшу өлкө тараптан  жасалган кадамга тиешелүү жообун берип туруш керек. Азырынча жаңжал чыга  тургандай шарт жок деген ойдомун.

Аксы менен Ала-Бука райондорун бириктирген жолго, Чаласарт тактала элек тилкесине өзбек аскерлери оор техникалары менен 18-март күнү эртең менен киргизилген. Мамлекеттик чек-ара кызматы коңшу өлкөнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр күн сайын бир нече ирет жүргүзүлүп жатканын билдирүүдө. 

Калыгул Асамбаев, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз