Аткаруу бийлиги коңшу өлкөнүн чек-арага байланыштуу кадамын Өзбекстан пайдаланып келген бир катар обьекттердин Кыргызстанга өткөнүнө байланыштырууда. Жалал-Абаддагы Орто-токой суу сактагычы, Чоң наманган, Чуст, Сол жээк Нарын каналдары, “Достук”, “Маданият” өңдүү насостук станциялар, Баткен облусунда Сох-Шахимардан, Лаган каналдары, “Фергананефть” автобазасы, ал эми Ошто Савай каналы өңдүү обьекттер Кыргызстандын карамагына өткөн. Өкмөттүн Чек араларды тактоо жана чек-ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандеров бардыгы мурда жетишилген келишимдерге ылайык аткарылганын белгилейт.
Курбанбай Искендеров: Биздин аймакта жайгашкан обьекттерди коңшу өлкө пайдаланып келген. Аларды мыйзам чегинде алганга олуттуу кадамдарды жасап жатабыз. Буга негиз боло турган 1992-жылкы келишим бар. Жеке Өзбекстан гана эмес, башка коңшу өлкөлөр пайдаланып жаткан да обьекттер алынууда. “Орто-Токой” суу сактагычын кайтарып алууга аракети менен Өзбекстанга кайрылсак, биздин жумушчу топту киргизбей коюшкан. Алар суу сактагычты оңдоодон өткөрөбүз деп чек-арадан өтүүнү сурашкан. Биз макул болгон эмеспиз. Маселенин чыгышы ушундан улам болуп жатат деп ойлойм.