ММК

Кыргыз Туусу: “Ач тоюнат, ачкөз тоюнбайт, же кокодон алган коорупция” image Фото: www

17 Апр, 2018 1427

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн жарык көрчү Кыргыз Туусу “Сиздер региондогу бардык өлкөлөргө үлгү боло аласыздар”- деген Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Тусктун сөзүн тема кылды. Бул тема жаңы сандын баш макаласы болуп калды. Аны президенттин иш күндөлүгүнөн орун алган “Эки тараптуу сүйлөшүүлөр, көп тармактуу кызматташуулар” деген аталышта улантып окуйсуз. Ошондой эле бул санда мамлекет башчыга жолдонгон “Адилеттүү чечим күтөбүз” деген аталыштагы “Самшит” багбанчылык шериктештигинин мүчөлөрүнүн атынан жазылган кайрылуу орун алган. Өкмөттөн алынган кабарларды Өкмөт башчы өрттүн себебин иликтөөнү жеке көзөмөлүнө алды, январь-март- айларында ИДПнын көлөмү 1,3 %га жогорулады, жараталыш өлкөбүздүн байлыгы деген аталышта таанышыңыз.

Бүгүн Фабула Фарид Ниязов КСДПдан кетет... деген көп чекитте коюлган тема менен жарык көрдү.Бул макала гезиттин кийинки бетинде орун алып, анда кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ЖКтеги  КСДПнын депутаттары менен өткөргөн жолугушуусунан жазылды. Анда ачык баарлашуу болгону, Атамбаев Фарид Ниязов боюнча  ал партиялык ишмердигин токтотуп, “Апрель” деген кайрымдуулук фонддун жетектей турганын билдиргени, партиянын ички иштери, пландары тууралуу сөз болгону,  - президент партиянын курамына жана  биримдигине өзгөчө басым жасаганын, жеке мүнөздөгү эч кандай  сөз болбогону жана кийинки аптада Атамбаев партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуп, саясий кеңештин курамы боюнча талкуу өткөрмөй болгону маалым болду дегени айтылат. Темага үндөш же аны КСДП партиясынын депутаты Рыскелди Момбековдун “Атамбаев менен болгон жолугушууда ачуу чындыктар айтылды” деп берген маеги толуктады. Экинчи бетиндеги майда макалалар Субанбеков каккан коңгуроо, Момункулов Жапаровго эмнеге жакпай калды? Сүйүмбаев кайрадан ээргеминди, Мураталиев дагы камалды, Текебаевдин “фокусу” өткөн жок, Исаковду ЖК суудан кечиреби же... Тажикстандын президенти 3 саатка кайда жоголгон, УКК деген Улукбек Кочкоровдун конторасы эмеспи? Керезбеков башкы прокурор болсо куп жарашат, “Райым миллион” качан мыйзам алдында жооп берет?  деген аталышта орун алды.  

Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз