Коом

Бишкекте “Кыргызстан-2018” эл аралык көргөзмө-жарманкеси ачылды image Фото: www

20 Апр, 2018 1343

Бишкекте “Кыргызстан-2018” эл аралык көргөзмө-жарманкеси ачылды. Жыйырманчы ирет өтүп жаткан көргөзмөнү  соода-өнөр жай палатасы уюштурган. 

Анда атамекендик өндүрүштөн чыккан азык-түлүктөр жана суусундуктар, кийимдер жана жабдыктар коюлду. Иш-чарага 10го чукул мамлекеттен жана ата-мекендик 30дан ашуун команиялар катышууда. Үч күн убакыт аралыгында  чет элдик жана кыргызстандык ишкерлер ортосунда бир катар келишимдер түзүлүүсү күтүлүп жатат. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз