Коргонуу жана коопсуздук

Коопсуздук чаралары өлкөнүн баардык аэропортторунда күчөтүлдү image Фото: internet

23 Март, 2016 2065

22-мартта  Брюсселдин аэропортунда жана андан кийин метродо болгон жардыруудан 30дан ашуун киши көз жумуп, 80ден  ашуу адамдын жарадар болгону айтылууда. Тактап  айтканда борбор калаада беш ирет жардыруу болгон. Бул каргашалуу окуядан дүйнө коомчулугунун үрөйүн учуруп турган чакта, Европадагы бир катар өлкөлөр өз аба майдандарындагы коопсуздук эрежелерин күчөтүүгө өттү. Ал арада кечээтен баштап Кыргызстандын баардык аэропортторунда да авиациялык коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул учун  кандай иш  чаралар көрүлөт? Эйр Кыргызстан авиакомпаниясынын директору Жолдошбек Бектургановго айрым суроолор менен кайрылдык.

Биринчи радио: Жолдошбек мырза, Бельгиянын борборунда болгон жардыруудан кийин дүйнө өлкөлөрү өз аба майдандарында коопсуздук чараларын күчөтүүгө өттү. Бул Кыргызстанда кандай ишке ашырылууда?

Ж.Бектурганов: Өзүңүздөр уккандай аэропорт жетекчилиги буга өзгөчө көңүл буруп, коопсуздук чараларын өлкөнүн баардык аэропортторуна киргизди. Бирок, мындай иш чаралар буга чейин деле жүргүзүлүп келген. Албетте мындай коркунучка эч ким кепилдик бере албайт эмеспи. Аэропорттун жанына келип деле жардырып ийиши мүмкүн. Террористердин максаты Европа өлкөлөрүнө көбүрөк багытталып аткандан кийин бул коркунучтан биздин өлкөнү Кудай сактасын деп  туралы.

Биринчи радио: Брюсселдеги жардыруудан кийин Орусиянын транспорт министрлиги баардык аэропортторунунун техникалык коопсуздугун баалоо   критерийлерин иштеп чыгарын  билдирди.  Биздин  өлкөнүн авиация тармагында бул ченемдер кандай ишке ашат?

Ж.Бектурганов: Авиациялык коопсуздук эрежелери бизде да кабыл алынып, ал бекитилген. Аэропорт кызматкерлери ар бир алты ай сайын машыгуулардан өтүп, атайын  окууларга катышып турушат. Авиакомпанияларда да ошондой эрежелер так сакталган. Алардан кам санабай койсо деле болот.

Биринчи радио: Бирок ошол эле учурда коопсуздук эрежелерин так сактоо маселеси дале курч болуп жатпайбы. Эң жөнөкөй эле эрежелер, айталык, бөтөн адамдардан конверт, посылка жана башка буюмдарды албоо, аэропорттун аймагында багаж менен кол жүгүн кароосуз калтырбоо сыяктуу   эрежелерди  калкка байма-бай айтып туруу зарылчылыгы жаралган жокпу?

Ж.Бектурганов: Албетте, зарыл. Ал дайым айтылып турат. Өз буюмуңа сак бол, башкалардан алба деген эрежелер айтылат. Аларды атайын аппараттар аркылуу текшерүү жүргүзүлөт. Бул жерде жүргүнчүлөр да коопсуздук эрежелерин сакташы керек.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз