Дин

"Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" уюмуна тыюу салынды image

23 Март, 2016 697

Кыргызстанда "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" уюмуна тыюу салынды. Бул тууралуу Биринчи радиого Башкы  прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Алманбет Абдраманов кабарлады. Мындай  чечимди Ош шаардык соту чыгарган.

Алманбет Абдраманов: Ош облустук прокуратура текшерүү маалында аталган уюм  радикалдык салафит маанайдагы жихаддык топ экенин аныктап чыккан. Анын  курамында сириялыктардан тышкары кыргызстандыктар да бар экени такталган.  Аталган жарандар террорчулукка үндөө иштери менен активдүү алектенип, бул боюнча кылмыш иши козголгон.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда диний 19 агымга тыю салынган. Алардын арасында “Аль-Каида”, “Талибан”, "Чыгыш  Түркестан ислам кыймылы", “Жайшүл  магди” жана өздөрүн “Ислам мамлекети” тобу атап  алгандар бар.

У.Мамбетов, Биринчи радио


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз