ММК

Багыт: "Жаатташкан эл болбойт - жалгыз тамчы сел болбойт” image Фото: www

27 Апр, 2018 1294

Басма сөзгө баяндама: 

"Жаатташкан эл болбойт - жалгыз тамчы сел болбойт” деген ураандын алдында чыкчу Багыт гезитинен баштайлы. Кумалактар деген бул гезит жаңы санын Алдыңкы “коррупционерлер” жаңы прокурордон “жардам” сурашты деген тема менен чыгарды. Бул теманын алдына ачуу чындык деп, Рысалиев 3 миллиард 870 миллион долларлык баалуу кагаздарды Кыргызстандан чыгарып кеткендерди жазалоону талап кылды деген экинчи теманы койду. Экинчи теманы гезиттин үчүнчү бетинен “Жаңы прокурор 3млрд 870 млн долларды сыртка чыгаргандарды жазалайбы” деген аталыштагы макаладан окуйсуз. Ошондой эле гезит Улан Чалбаевге 200 миң доллар параны Карганбек Самаков берген дегенди, Айбек Калиев кайсы арына өзүн таза сезет? дегенди, Олег Панкратов кыргыз экономикасына оңбогондой зыян келтирди дегенди окуруубузду алдыңкы бетинде жарыялады. 

Саясаттан арбын жазган Азия Ньюстан Динара Сагынбаева айым улуттук госпиталдын түбүнө жеткени калдыбы? деген уландысы уланаар макаланы, Башкы прокурор болуп келген Жамшитов досум эмес, аны биринчи көрүшүм деп берген ЖКтин депутаты Алиярбек Абжалиевдин ат жалында маегин, Жалал-абадэли Жусупжан Жээнбековдун келишин күтүүдө дегенди, гезит менен үзбөй кызматташып, омоктуу ойлорун билдире жүргөн эки адам докторлук иштерин коргоого киришкенин анын бири саясий илимдеринин кандидады Чолпонбек Сыдыкбаев болсо, экинчиси медицина илиминин кандидаты Абдимиталип Халматов экенин, Болот Сүйүмбаев качан камакка алынат дегенди окуй аласыз. Ошондой эле бул сан КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун “Министрлердин айрымдары кайра келгени туура эле болду” деген аталыштагы маегине орун берди. 

Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз