ММК

Фабула: "Исаков суракка чакырылды, эми Атамбаев кандай кадамга барат?" image Фото: www

27 Апр, 2018 2917

Басма сөзгө баяндама

Жаңы өкмөт ишке кирдидеп Де-Факто жаңы санын чыгарды. Кепкезеги келгенде деп, чакан маекти ЖКтин депутаты Алиярбек Абжалиевден “Президенттин иштерине аралашпайм деп алынып, ЖКтеги жаңы ысым же дагы бир депутат Сагындык Келдибаевдин “Менин депутат болууга укугум бар” деген чакан маектер алгачкы бетинде орун алды. Майдадан жазылган макалалар Сулайманов “суур ийинден” чыктыбы?, Ногойбаев кызматтан кетүү менен эле чектелбей жоопкерчиликке да тартылыш керекпи? АКШда Кыргызстандын элчилигине эскертүү берилди, саясий туруктуулуктан саткынчылыкты жогору койбойлу, бийликти чүлүктөгөн Кумтөр качанкыга дейре чалчаңдайт? Апан-тапан, эски чапан же Исакунова иш кылабы өзү? Милицияга чыныгы министр келдиби? Саясий пикир келишпестик мыкты кадрларга кедергисин тийгизип, Ошко Өзбекстандан делегация келди, акыркы коңгуроодо шаан-шөкөткө тыюу салынды,“Кыргызтелекомдун” интернети арзандайбы? 

Кыргыз Туусу бүгүнкү санын өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун “Бийлик бутактарынын ортосунда биримдик жок болсо, өлкөдө чоң стратегиялык максаттарга жетүү мүмкүн эмес” деген  сөзү менен атады. Президенттин иш күндөлүгүндөгү кийинки мааалыматтар Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеваны кабыл алган учурдан жазылган Сотторго ишеним-укуктук мамлекеттин негизи, кийинки маалыматтар коррупция менен күрөшүү аны алдын алуудан башталат, жолдууболуу жолдордон деп аталды. Андан ары кенже курактагы баланын өнүгүшүнө  көңүл буралы деген демилгелүү иштен жазды. 

Бүгүн Фабула Оомал- төкмөл жашоо деп экс-президент менен экс- премьердин сүрөтүн коюп жаңы санын чыгарды. Бул тема гезиттин кийинки бетинде Исаков суракка чакырылды, эми Атамбаев кандай кадамга барат” деген макалада сөз болот.  Суроо менен коюлган бул макала УКМКнын сурагына чакырылган экс премьер министр боюнча кечээги жаңылыкка эксперттер эми кандай баш катырат, мындан кийин эмне болот дегенден божомолдор  айтылып, макаланы жыйынтыктаган - байлык бийлик колдун кири экенин түшүнчү мезгил келди. Кечээ эле азуусун айга жангандар, бүгүн мусаапыр. Ал эми учурда жер баспай жээликкендердин эртең жинин какчулар чыгат. Жашоо ошондой оомал-төкмөл. Бүгүн бар, эртең жок. Ар бир доордун өз сахнасы, өз артисттери болот. 

Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз