ММК

"Фабула": КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун ишин кандай баалайсыз? image Фото: www.ktrk.kg

4 Май, 2018 3470

Басма сөзгө баяндама

Сагызгандан сак же Шадиев качып кеттиби деп суроо менен тема койгон "Фабуладан" баштайлы. Майда макалалар менен толтурган алдыңкы бетинен ТЭЦтен Шыкмаматовдун дагы кулагы чыкты, Салянованын иши Жогорку Сотто каралат, Матраимов менен Исаковдун соту 10-майга калды, Динара Молдошева кайрадан “сахнада”, депутаттык комиссия ич ара жиктелди, дагы бир чуу, химиялык цехтин кубулушу токтоду, акыйкатчы президенттен Текебаевди бошотууну суранды, Түлеев мыш болду, “Түндүк- түштүк” маселесин козгогондорго катуу чара көрүлөт деген аталышта окуйсуз. Чыны-чынына келгенде деген "Фабула" КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун ишин кандай баалайсыз? деген суроону койду. Бул суроо Байкоочу Кеңештин мүчөсү Азамат Болгонбаевдин Фейсбук баракчасына жазган сын пикири, ага чейин Эдил Байсалов элчи Кылычбек Султановдун сынга алганынан улам аларга убагында жооп кайтарган каналдын жетекчиси Илим Карыпбековдун Коомдук телерадиоберүү корпорациясында  заманбап, санариптик телеберүүнүн талаптарына жооп берген жаңы көчмө телестанция тууралуу берген маалыматын кошуп, башкы директордун иш аракети боюнча Байкоочу кеңештин эки мүчөсүнүн жана журналисттик чөйрөгө тиешеси бар инсандардын буга карата айткан ойлорун жарыялады.

"Де- Факто" дагы жаңы санын “Шадиев качты Каңгайга...” деген аталышта чыгарды. Мына ушундай аталган биринчи бетине ТЭЦ маселеси боюнча Токторов ток этээрин айтты, куудул Абдылда Иманкулов эмнеге ыйлады, Илим Карыпбеков Иманалиевке катыра жооп берди, эт менен челдин ортосундагы жетекчи Сагынбаева, Исках Пирматовго кылмыш иши козголушу мүмкүнбү? деген анонсторду жайгаштырды. Жарыяланган анонстор боюнча макалаларды кийинки бетинен таанышасыз.

 

Эми баяныбызды Кыргыз туусу менен жыйынтыктайбыз. Бүгүн Кыргыз Туусу  өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдин үй бүлөлүк башкарууга каршы күрөштүн башатында турган адам катары жол бербейм деген сөзүн тема кылып жаңы санын тартуулады. Бул багыттагы айтылган сөздөрдү же Президенттин Ысык-Көл облусуна эки күндүк жумушчу иш сапарынан даярдалган репортажды президенттин иш күндөлүгүнөн кенен таанышасыз. 

Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"






Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз