ММК

7-май Радио жана байланыш кызматкерлеринин күнү image Фото: www.ktrk.kg

7 Май, 2018 2930

7-май – Байланыш  жана радио күнү. Мындан 123 жыл мурун орус окумуштуусу Александр Поповдун байланыш тармагындагы ачылышы, жаңы маалымат технологиясы өнүккөн шартта болуп  көрбөгөндөй күчкө ээ болууда. 

Бул күндүн тарыхын эске салсак, 1895-жылы 7-май- россиялык физик Александр Попов радио байланышты ойлоп тапканын жарыя кылган. Совет доорунда 1945-жылдан бери  7-май– радио күнү  расмий  белгиленип келген. Ал эми Кыргызстанда 1995-жылы 17-апрелде Өкмөттүн токтому менен  7-май – Байланыш  жана радио күнү –деп белгиленген.  Ошондой  эле дүйнөдөгү  байланыш аркылуу аралыктан оперативдүү  маалымат  таратуучулардын майрамына айланган кези.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио" 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз