Ден соолук

АКШнын окумуштуулары кандагы рак оорусун айыктыруу ыкмасын иштеп чыгышты image Фото: http://tilo.stb.ua/

24 Март, 2016 739

Дүйнө жүзүндөгү ойлоп табуучулар күн сайын жаңы жабдыктарды иштеп чыгып, колдонууга берүү аракеттин көрүшөт. Кээ бири күнүмдүк жашоодо пайдалуу болсо, дагы бири дүйнөлүк деңгээлдеги ачылыштар.

АКШнын окумуштуулары кандагы рак оорусун айыктыруу ыкмасын иштеп чыгышты. Мунун үстүндө Пенсилвания жана Питтсбергур университеттеринин окумуштуулары ошондой эле Онкологиялык илимий борборунун адистери эмгектенишкен. Мындай жыйынтыкка жетүү үчүн 29 адамга клиникалык сыноолор жүргүзүлгөн. Сыноого катышкандардын баардыгы онкологиялык илдет менен жабыркап келишкен. Жыйынтыгында алардын 27си аталган илдеттен толугу менен арылган.

Ийгилик менен жыйынтыкталган эмгек 15дан ашык убакытка созулган. Адистер мындай ыкманы иштеп чыгуу үчүн рак клеткаларын таап жана жок кыла алган имундук клеткаларды колдонгон. Анда температуранын жогорулашы, кол, буттун алсызданышы өңдүү процесстер байкалган. Бирок химиотерапияга салыштырмалуу терс таасири аз болгон.  Учурда лаборатория адамдар үчүн кооптулугун  азайтуу үстүндө иштеп жатат.

Израилдик окумуштуулар акылдуу байпакты иштеп чыгышты. Мындай жаңы ойлоп табуу кант диабети менен жабыркагандарга чоң жардамчы болот.  Байпак мобилдик тиркеменин жардамы менен башкарылат. Дарыгерлердин айтымында аталган ойлоп табуу кант диабети менен жабыркагандарды диабеттик нейропатиядан, нервтердин жабыркашынан  сактайт.  Анткени израилдик илимпоздордун ойлоп тапкан байпакта микроскопикалык сенсорлор орнотулган. Алар буттун саламатыгы жөнүндө маалыматты смартфонго жиберип турат. Мунун жардамы менен илдет менен жабыркаганды операциядан сактайт. Аталган программанын жетекчиси, профессор Яаков Нахмиас кант диабети менен жабыркагандарга жардамчы болуп, дары-дармектерине аз каражат колдонуп, терс кесепеттерин алдын алууга мүмкүнчүлүк болоорун белгилейт. Байпак ошондой эле кир жуучу машинада жууганга ыңгайлуу кылап жасалган.

Кант диабети менен жабыркагандарга пайдалуу дагы бир ойлоп табуу.

Дарыгерлердин күнүмдүк жумушунда  колдонгон пластырь эми  башка кызматтарды аткара баштайт.  Сеул мамлекеттик  университетинин доценти  Тэ-Хён Ким тарабынан иштелип чыккан эмгек кант диабети менен жабыркагандарга жакшы жардамчы болот. Анткени жабдык атайын сенсор менен жабдылган ал кандагы канттын деңгээлин жана организмдеги дары-дармектин өлчөмүн жана температурасы жөнүндө маалыматтарды мобилдик тиркеме жиберет. Мунун аркасында адам канча дары ичээрин билип, ден соолугуна кам көрө алат. Окумуштуулар  аталган жабдыкты дагы жакшыртуу үчүн аракеттерди көрө тургандыгын белгилешүүдө. Анткени  келечекте бул пластырь адам өмүрүн сактап калууга жардам бере алат.

Мирбек Сакенов, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз