Коргонуу жана коопсуздук

Өзбекстан тарап аскер киргизилишинин себебин билдирди image Фото: http://www.profi-forex.org/

24 Март, 2016 1377

Чаласарт тилкесине Өзбекстан тараптан аскер киргизилиши Нооруз майрамындагы коопсуздук чараларын күчөтүүгө байланыштуу Тышкы иштер министрлигинин каршылык нотасына коңшу өлкөдөн дал ушундай жооп келди. Бирок, Нооруз майрамы белгиленден бери 2 күн узаса да, чек-арадагы абал өзгөрүүсүз турат. Буга байланыштуу Ташкентке кайра нота жөнөтүлдү.

Чек-арадагы абалга байланыштуу коңшу өлкөгө жөнөтүлгөн каршылык нотасына көп күттүргөн жооп келди. Бирок, ал Тышкы иштер министрлигин канааттандырган жок. Мекеменин маалымат-катчысы Нурлан Сүйөркуловдун айтымында Ташкент өз кадамын Нооруз майрамындагы коопсуздук менен байланыштырган.

Нооруз майрамы аяктаганы менен Өзбекстандын аскерлери чек-арадан кайтып кете элек. Коңшу өлкөнүн нотага келген жообунда камтылган жүйөөсү буга чейин эле айтылып жаткан. Мамлекеттик чек-ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшөмбиев коопсуздук чаралары күчөтүлгөн күндө да  такталбаган аймакка кирүүгө негиз жок экенин билдирген эле.

Мамлекеттик чек-ара кызматы учурда эки өлкөнүн аскерлери жакын турган тилкеде абал туруктуу экенин билдирүүдө. Бийлик өкүлдөрү элди тынчсызданбоого, чагымчылдыкка алдырбоого чакырып, көйгөй жоюлаарын айтууда. Премьер-министр Темир Сариев 22-март күнү Аксыда эл менен жолугушкан учурда чек-арадагы соңку абал эл аралык уюмдардын деңгээлинде каралып жатканын, тиешелүү мекемелер бардык аракеттерди көрүп жатышканын билдирген.

Өзбек аскерлери Кербен-Ала-Бука жолу аралап өткөн Чаласарт тилкесине 18-март күнү киргизилген болчу. Жооп катары көп узабай ал жакка кыргызстандык чек-арачылар да жайгаштырылган.

Калыгул Асамбаев, Биринчи радио  

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз