Коргонуу жана коопсуздук

ЖККУ кыргыз-өзбек чек арасына байкоо салат image Фото: kyrgyzembassy.com.

24 Март, 2016 1384

Жамааттык коопсуздук келишим уюму кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалга байкоо салуу  учун  уюмдун баш катчысынын орун басары Ара Бадалянды жиберүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу «Биринчи радиого» Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Ал арада жергиликтүү серепчилер  ЖККУнун кызыкчылыгы бир  болгондуктан, мүчө өлкөлөрдөгү коопсуздук маселелер биргелешип каралышы керектигин айтышууда. Башкалары кыргыз-өзбек чек арасы ички маселе болгондуктан уюм  кеңеш берүү менен чектелиши керектигин белгилешет.

Москвада  Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезексиз жыйыны Кыргызстандын демилгеси менен өтүп, ал эки күнгө созулду. Отрумда  уюмдагы толук жана ыйгарым укуктуу өкүл  Аман Мамбетсейитов мүчө мамлекеттерге Жалал-Абад областынын Аксы районундагы кыргыз-өзбек тилкесинде болуп жаткан абал тууралуу маалымат берип, уюм мүчөлөрү менен кеңешүүлөр жүргүзүлүп, абал талкууга алынды.  Тышкы Иштер министрлигинин маалымат жана басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Сүйөркуловдун билдирүүсү боюнча Жамматтык коопсуздук келишим уюмунун туруктуу өкүлдөрү жыйында кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалга байкоо салуу  учун  уюмдун баш катчысынын орун басары Ара Бадалянды жиберүү чечимине келишкен.

Ал арада жергиликтүү серепчилер чек арада түзүлгөн кырдаал жакын арада чечилерин билдиришип, уюмдун маселени чечүүдөгү орду туралуу өз ойлорун ортого салышууда. Талдоочу Марс Сариевдин баамында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун туруктуу өкүлдөрү  кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалды чечүү боюнча кеңеш берүү менен дагы чектелиши ыктымал. Анткени азыркы тапта   чек арадагы абал ички маселелердин бири болууда.

Мындай пикирге Жогорку Кенештин депутаты Максат Сабиров кошулбайт. Эл өкүлүнүн  баамында, чек ара маселелерин чечүүдө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун орду өзгөчө олуттуу болуп эсептелет. Андыктан аталган уюм кыргыз-өзбек чек арасындагы абалга өзүнүн конкреттүү  позициясын билдириши керек. Ал  Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна  мүчө өлкөлөрдүн  кызыкчылыгы бир  экенин эске салат.

Ал эми  Чек ара кызматынын Башкы штабынын мурдагы башчысы Кубанычбек Сарыгуловдун пикиринде, кандайдыр бир куралдуу карама-каршылык болгон учурда Өзбекстан бүтүндөй бул уюмга каршы турушу керектигин түшүнуп турат. Андыктан ал тараптар кырдаалдын курчушуна жол беришпейт-деген ойдо.

Эске салсак, Жамааттык коопсуздук келишим уюму мындан 24 жыл мурда  КМШга кирген өлкөлөр тарабынан түзүлгөн. Жетишилген макулдашууларга ылайык, уюмга мүчө өлкөлөргө коркунуч болсо, биргелешкен аракеттер көрүлөт. Бүгүнкү күндө аталган уюмга  Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан мүчө болуп келишет. Өзбекстан болсо,  2012-жылы  уюмдан баш тартып, чыгып кеткен. Ал арада  уюм кыргыз-өзбек чек арасында орун алган кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, өз өкүлүн Кыргызстанга  кырдаалга байкоо салуу үчүн жиберүү чечимине келди.

М.Абдраманова,  Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз