Коом

Бишкекте троллейбус айдоочулар тарифтерди көтөрүү талабын коюуда image

24 Март, 2016 454

Бүгүн эртең менен Бишкекте троллейбус айдоочулар иш таштап,  каттамдарга чыккан жок.  Алар айлык акыны жогорулатуу, тарифтерди көтөрүү, иш шарттарын жакшыртуу  талабын коюуда. Мэрияга караштуу троллейбус линиялары башкармалыгынын жетекчиси Мадылбек Абдразаковдун айтуусунда, чогулгандарга вице-мэр Геннадий Милицкий келди. Ал  айдоочулардын  талаптары бүгүн  түштөн кийин мэрияда талкуулана тургандыгын айтты.

Биринчи  айлыктарын жогорулатуу,  экинчиси  линиядагы  алып келген акчалардын планын  азайтуу, маршруткаларды азайтуу – булардын бардыгы 4-5 жылдан бери эле бул  көйгөйлөр келе жатат. 

Учурда  бардык  троллейбустар линияга чыгып, штаттык  режимде  иштеп жатат.  Кошумчалай кетсек,  троллейбус башкармалыгында  600дөн ашык  адам  иштейт. 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз